«Балдарым «апа, сиз өлүп калсаңыз, биз каякта жашайбыз» дешет» дейт рак менен күрөшкөн келин

Дилбара Асанакун кызынын башынан кечирип жаткан аянычтуу тагдырын биз өткөн жылдын январь айында тартканбыз. Анда ал рак менен күрөшүп жатканын, биринчи күйөөсү оорудан каза тапса, экинчиси таштап кеткенин айткан эле.

Арадан 1,5 жыл өттү. Бүгүнкү күнү каарманыбыз 2 баласын дале жалгыз багууда. Ал бул видеодо “өмүрүмдүн акыркы айларын жашап жатканымды сезип калдым. Көзүм өтүп кетсе, балдарымдын көрөр күнү эмне болот“ деп ыйлап, учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0709 33 29 33.

«Оорум менен көп жылдан бери күрөшүп жатам. Мен да жашагым келет. Балдарымды кимге таштайм. Күндөрүм ой-санаа менен өтөт. Балдарым «апа, сиз өлүп калсаңыз, биз каякта жашайбыз» дешет. Аларды көрүп, аябай жашагым келет. Бирок колумдан эч нерсе келбей жатат. Ата-энемди да аябай сагындым»,- деди ал ыйлап.