«Балдарым күтүп жатат». Чыныбай Турсунбеков атындагы ыр сынакты 4 баланын апасы жеңди

Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан Чыныбай Турсунбековдун атындагы поэзия фестивалынын 3-күнү өттү. Анда 70тен ашуун акындын ичинен тандалып алынган 6 финалисттин мыктысы аныкталды. Гран-при 4 баланын апасы акын Сайра Батыркуловага буюрду.

Ал “Бул фестивалга биринчи жолу катышып жатам. Жеңип алам деп күткөн эмесмин. Бул жеңишти апам жана 4 балам менден да көбүрөөк күтүшкөн” дейт.