«Балдарымды көрдүм». Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган келин жашоосу өзгөргөнүн айтты

24-июнь күнү ӨКМдин кызматкерлери Сулайман-Тоодон боюн таштоону көздөгөн 27 жаштагы аял киши куткарылганын билдиришкен. Куткарылган жаран 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталган. Ал көп өтпөй Ошто маалымат жыйын өткөрүп, мындай кадамга барган себебин түшүндүргөн.

Ал жолдошу 4 баласын көрүүгө уруксат бербей жатканын, 17 жашында өзүнөн 10 жашка улуу жигитке турмушка чыкканын, 8 жыл чогуу жашап, 2 кыз, 2 уулдуу болушканын айткан. Келин буга чейин 3 жолу өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирип, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн айткан.

Келин бүгүн, 7-июлда кайра маалымат жыйын өткөрүп, жолдошу менен элдешкенин айтып, балдарды көрүүгө уруксат бергенин билдирди. «Менин мурда айткандарым калп эмес. Бирок жолдошум экөөбүздүн ажырашуубузга мен да күнөөлүмүн. Каржы пирамидасына кирип, акча карыз болуп калгам. Аны жолдошума айтпай жүрдүм, күнөөмдү мойнума алам. Маалымат жыйындан кийин жолдошум экөөбүз элдештик, балдар анын колунда, мага көрүп тур деп уруксат беришти», — деди ал.