«Балдарымды мектепке алып барайын десем, бут кийимдери жок» дейт жалгыз бой эне

SUPERTV бул жолу 39 жаштагы жалгыз бой эненин тагдырын баяндайт. Каарманыбыз эки ирет турмушка чыгып, эки жолу тең жолу болгон эмес. Ал учурда мурда дүкөн катары пайдаланылган жайды үй кылып, 5 баласы менен күн кечирип жатат.

«Ош облусунун тургуну болом. Бишкекке келгениме 3 ай болуп калды. Азыркы учурда үйдө элемин. 5 баламды карап жатам. Мурда тигүүчү цехте иштечү элем. Оорума байланыштуу акыркы күндөрү иштей албай калдым. Бөйрөгүм ооруп, кандагы канттын өлчөмү көтөрүлүп кетет. Бул жерге 7 миң сом төлөйм. Эң улуу кызым 14 жашта. Эң кичүүсү 4 жашта. Калган үчөө окуйт. Бирок шаарга келгени мектепке барышпай эле. Мектепке алып барсам, алышкан жок. 11 жылдан бери үчүнчү кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жүрөм. Окуусуна да документинин жоктугу таасирин тийгизип жатат. Мектепке баргыла десем, кийиминен тартынып жатышат. Классташым мындай кийинип барды дешет. Азыр деле мектепке баралы дешсе, буттарында бут кийимдери жок, алып бере албай жатам», — дейт жалгыз бой эне.