«Балдарымдын тоюна чакырам». Оштун мэри 8 балалуу энеге үй белек кылды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев С.Жигитов (Карл Маркс) мектебинде көп жылдан бери пол жууп иштеген 8 балалуу эне Роза Абдыкаровага жаңы жылдык белек катары үй тапшырды.

Калаа башчысы буга чейин аталган билим берүү мекемесиндеги оңдоп-түзөө иштеринен кабар алуу учурунда, көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берерин убадалаган.

Шаар мэри айткан убадасын бүгүн иш жүзүндө аткарып, үйдүн ачкычын тапшырды. Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар. Жеңишбек Токторбаев мындан тышкары, үй тиричилигине керектүү эмеректер менен муздаткыч, газ плитасы, аристон жана сыналгы менен камсыздады. Ошондой эле Жеңишбек Токторбаев Роза айымды жаңы конушу менен куттуктап балдарына жана үйүнө келген конокторуна да белегин берди.

Сегиз баланын энеси Роза Абдыкарова үй-бүлөсү менен буга чейин батирлеп жашап жүргөн. Мектептен иштеп тапкан каражаты негизинен ижара акысына жана күнүмдүк тамак-ашына араң гана жетчү.