Балдарын мектепке жибергиси келбеген ата-энелер аларды өздөрү окутат

Балдарын мектепке жибергиси келбеген ата-энелер аларды өздөрү окутат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, аралыктан окуу көп окуучулардын сапаттуу билим алуусуна таасирин тийгизди. Мындан улам, окуучулар кадимки режимге түшүүсү керек. Ал эми балдарын мектепке жибергиси келбеген ата-энелер мектеп менен кагаз түрүндө келишим түзүп, окуучунун билим алуусун өз жоопкерчилигине алуусу керек. Тагыраагы, ата-энелер балдардын мектепте билим алуусун же аралыктан окуусун тандоого укуктуу болот.
Буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев экинчи чейректен тартып мектептерди ачуу сунушталганын айткан.

“Окуучулардын тамак-ашына багытталган каражат Финансы министрлигинин эсебинде турат. Ошол акчага мектептерге дезинфекциялык каражат сатып алууну сурайбыз”, — деген эле министр.