Балдарын өзүнүн атына каттатып алгандыгы үчүн жазуучу Алтын Капалованы Мамкаттоо кызматы сотко берди

Балдар жазуучусу Алтын Капалованы Мамлекеттик каттоо кызматы сотко берди. Бул тууралуу Капалова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал үч баласына өзүнүн фамилиясын ыйгарып, «атасынын аты» (отчество) деген жерге өзүнүн атын берип, каттатырган. Мындан улам Мамлекеттик катто кызматы анын бул кадамын туура эмес деп таап сотко берген. Эртең, 25-февраль күнү Бишкектеги Свердлов райондук сотунда бул окуя боюнча аны иши каралат.

Ошондой эле Алтын Капалова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өкмөт гендердик теңчиликти одоно бузуп жатканын айтып, балдарды өзү жалгыз чоңойткондугу үчүн жеке атын, атасынын аты (отчество) кылып бергендиги эмне үчүн мыйзам бузуу болуп саналышы керек деп нааразычылыгын билдирген.

Мени сотко бергенден көрө өкмөт гендердик теңчиликтин эл аралык эрежелерин, нормаларын сакташы керек. Ошондой эле жаңы мыйзам кабыл алынышы керек аял киши деле балдарына өз атын фамилия кылып бере алат деген. Менин бул кадамым эч кандай мыйзам бузууга жатпайт. Өкмөт мени аңдыганын токтотушу керек. Таң калам, эмне үчүн мен өзүм жалгыз , балдардын атасыз жана башка бирөөнүн жардамысыз  өстүрүп, чоңойткон кичинкейлериме өзүмдүн атымды (отечество) катары бере албайм”,— деп билдирүү жасаган Алтын Капалова.

Белгилей кетсек, балдар жазуучусу Алтын Капалова коомчулукта жазуучу кесибинен тышкары жарандык активист, феминист катары таанылып келет.