«Балдарыңар менен бир күн талаалап качып көргүлөчү!» деп жазат соцтармактын колдонуучусу

«Балдарыңар менен бир күн талаалап качып көргүлөчү!» деп жазат соцтармактын колдонуучусу.

«Эл дагы канча чыдаш керек? Качанга чейин качып, балдары менен самсалашат? Өз үйүндө тынч укташат? Күн-түн кооптонуп, коркуп жашап көргүлөчү бир күнгө. Көзү толо жаш менен апам да, биз да качканга даярданып жатабыз. Октун үнүнөн ойгондук дейт. Баткендин борборуна айылдардан элди эвакуациялап келчү эле. Азыр шаардын борбору да тынч эмес. Бүгүн таң атпай Кызыл-Бел, Кара-Бак айылынын тургундары да качып чыгышты. Ыйлаган балдар, октун үнү», — деп жазылат билдирүүдө.