«Балмуздак таратып, смарт сыналгы берип…» Бул күнү балдарды майрамы менен куттуктаган саясатчылар

Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келген майрам балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

Бул күнү балдарды майрамы менен куттуктаган саясатчылар:

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кичинекей кыз-балдарга балмуздак таратканын жазып чыкты. «Балдарды коргоо күнү менен. Кичинекей балдарды балмуздак менен кубанттым», — деп жазып, балмуздак тараткандагы видео менен бөлүштү.

Майрам менен куттуктагандардын арасында депутат Алишер Козуев да бар. Ал соцтармактагы баракчасына үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, ата-энелердин үмүтү, өлкөбүздүн келечеги – бул балдар экенин жазды. «Кымбаттуу ата-энелер! Балдарыңызга узун өмүр, бекем ден-соолук каалайм. Алардын жашоосунун ар бир мүнөтү жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун«, — деп жазды ал.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев соцтармактагы баракчасындагы тарыхчасына Бишкектин борбордук бөлүгүндө өткөн иш-чарадан видео жүктөп, «Балдарды коргоо күнү менен куттуктайм» деген жазуу калтырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев балдарынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөттөрүн жана өзүнүн кичинекей кезиндеги сүрөтүн жүктөп, бул күнү өзгөчө балдарды кубантып, аттракциондор паркына алып барып, таттуулар менен сыйлагысы келерин жазды. «Бул күн дагы бир жолу чоңдорго баланын укугу корголушу керектигин эскертет! Биз, чоңдор, балдардын бактылуу балалыгы үчүн, алардын татыктуу билим жана тарбия алышы үчүн жооптуубуз. Анткени алар — биздин келечек!» — деп жазды ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында жайгашкан Ак-Суу жатак мектебине барып, майрамдык салтанатка катышканын билдирди. Ал мекемеде билим алып жаткан 51 бала менен жолуккан. «Балдарга бийик максаттарынын жана кыялдарынын ишке ашышын каалап, окуусуна керектүү болгон интерактивдүү смарт сыналгыларын белек катары тапшырдым», — деди ал.