Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу бир тараптуу ачылды

Бүгүн, 31-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда саат 06:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Кажы-Сай айылында сел жүргѳн. Сел Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун болжол менен 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кетип, жараксыз абалга келген.

ӨКМ маалымат таратып, аталган жол бир тараптуу ачылганын билдирди.