Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолунда кар көчкү түшүп, 10 унаа тоннелдин ичинде калды

Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад альтернативдүү жолунун 346-348-чакырымына кар көчкү түшүп, тоннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган. Тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.