Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолундагы тоннелде калган 10 унаа чыгарылды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 348-чакырымында кар көчкү түшүп, ичинде 10 унаа калган. 

«Учурда тоннелдин ичинде туруп калган 10 унаа Казарман тарапка чыгарылды, ал эми Казармандан Жалал-Абадды көздөй көмүр жүктөп бараткан 5 оор жүк ташуучу унаа тоннелдин Казарман тарабында турат. Жерине Сузак райондук №65 ӨКБдан 4 куткаруучу жана тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан жүктөгүч тартылган»,— дешти.