Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат

Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат. Аталган жолдун жабылуусу “Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорунун” курулушун ишке ашыруунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 44-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
16-октябрь күнүнөн тарта 17-ноябрга чейин бир ай аралыгына, ар жуманын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү эртең мененки саат 8:00дөн 17:30га убактысына чейин автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт ” автоунаа жолунун 211-221, чакырым аралыгы жабылат. Ошондой эле “Балыкчы-Кочкор” автожолу аркылуу Ысык-Көл жана Нарын облусуна каттаган автоунаалар, Көк- Мойнок-Куакы автожолу аркылуу өтүүгө болот.
Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.