Балыкчы шаарында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-июль күнү саат 19:00 чамасында Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан кампа күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө бир бөлүкчөсү тартылган. Саат 19:12 өрт чектөөгө алынып, 19:29да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан кампанын ичиндеги электр жабдыктары толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.