Балыкчыда 6 миң көчөт отургузулду

“Жашыл Мурас” жарлыгынын алкагында Балыкчыдагы Сары-Булак аймагына 1,8 гектар жерге 6 миң даана бак-дарак көчөттөрү отургузулду.
Ишембиликке Жогорку Кеңештин депутаттары, айыл чарба министри, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Балыкчы шаардык мекеме жетекчилери, Балыкчы шаарындагы орто мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер, коомдук уюмдар катышты.