Балыкчыда «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт

9-октябрдан 13-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 20636 аскердик бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу борборунун базасында Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттеринин катышуусу менен ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.
Машыгуунун темасы: «ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү тарабынан тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү». Машыгуунун негизги максаты — Бириккен командачылыктын кызмат адамдарынын жана ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө бөлүктөрдүн милдеттерди аткарууда шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.

Практикалык иш-аракеттер жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөр тарабынан ӨКМдин жана ИИМдин бөлүкчөлөрү менен биргеликте блокпосттордо жана жабыркагандарды кабыл алуу пункттарында, колонналарды жана жүктөрдү коштоодо, калктуу конушту бошотууда, «барымтадагыларды» куткарууда окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну карайт.