Балыкчыда эшектер камалган сүрөттөр тарады

Шаар аралап, көчөттөрдү сындырып, газонду жеп жүргөн эшектер камакка алынды. Бул тууралуу «Балыкчы пресс» жазды.

«Урматтуу шаар тургундары, малды кароосуз калтырбай, жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы. Ээси белгисиз мал учурда “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын борбордук парктагы атайын кармоочу жайында турат. 

Шаарыбыздын маданий эс алуучу жайларына: парк, скверлерге, көчөнүн газонуна кирген мал ээлерине мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөрүн, айып пул салынаарын “Жашылдандыруу чарбасы” ишканасы эскертет. Андыктан шаардагы мал ээлерине малын үйдө кармап багуу талабын коюуда», — деп жазылат маалыматта.