Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча «Дордой Балыкчы» заводу ачылды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-майда Ысык-Көл облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Балыкчы шаарында этти кайра иштетүү боюнча облустагы ири ишкананын ачылышына катышты. Азык-түлүк коопсуздугун жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык курулган «Дордой Балыкчы» заводу сменасына 100 баш бодо малдын жана 1000 баш майда малдын этин иштете алат. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 14 миң тонна продукцияны түзөт. 100дөн ашык адам жумуш менен камсыз болот.
Инвестициянын жалпы суммасы 6 миллион долларды түзөт. Бул сумманын жарымы Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен каржыланган. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы фермерлер “Дордой-Балыкчы” эт комбинатын чийки зат менен камсыздайт деп күтүлүүдө. Бир эсе бул облустардагы мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга чоң түрткү болуп, мал багуунун мааниси артат.
“Бодо мал болобу, кой-эчки болобу, аларды чекене же дүңүнөн сатуудан сырткары, кайра иштетүү менен өзүбүздөн эт өнүмдөрүн өндүрүүгө дагы багыт алабыз. Мында, албетте, өндүргөн продукцияларыбыздын ички рыноктон сырткары, тышка сатуунун көлөмү дагы көбөйөт. Буга жараша өндүрүш ишканасын ачып жаткан ишкерлерибиз эл аралык стандарттарга жооп берген сертификаттарга, ветеринариялык лабораторияга да ээ болушу зарыл. Анткени, ошол эле Кытай, Иран, Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу чет өлкөлөрдүн рынокторуна биздин экологиялык жактан таза эт өнүмдөрүбүздү чыгарып, таанытышыбыз кажет”, — деди Садыр Жапаров.