Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кыз Бишкекке которулду

Балыкчыдагы жол кырсыктан жабыркаган кыз Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бейтап бүгүн реанимация бөлүмүндө жатат, эртең нейрохирургияга которуу пландалууда.

«Кыздын жамбаш сөөгү майдаланган, операция кийинки жумага пландаштырылган», — дешти.