Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Беларустун Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингентинин келиши менен биргелешкен машыгуу өтө турган жерге аскерлерди жайгаштыруу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.
Беларусь Республикасынын аскердик контингенти Баранович шаарынан «Кант» аскердик авиабазасынын аэродромуна учуп келип, андан соң кыргыз тараптын аскердик техникалары менен машыгуу өтүүчү жерге марш жасады. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында аларды машыгуунун жетекчилиги тарабынан салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.