Балыкчы шаарында көчөлөрдү тазалоо жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жарактуу атайын техника такыр жок. Бул тууралуу жарандар менен жолугушууда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Тургундар менен болгон жолугушууда Туманбаев бүгүн таң эрте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде өткөн жыйынга катышканын айтып, анда Балыкчыдагы абал тууралуу кеңири маалымат бергенин билдирди:
«Балыкчыда бир да жарактуу, заманбап атайын техника жок. Муниципалдык “Тазалык” ишканасы эски, жараксыз техникалар менен иштеп жатат. Эл нааразы — шаарды тазалоо мүмкүн болбой калды», — деди ал.
Анын айтымында, Камчыбек Кыдыршаевич бул маселени дароо жеке көзөмөлүнө алды.
«Ал 100 миллион сом бөлүп берүүгө убада кылды. Бул каражатка шаар үчүн заманбап атайын техникалар жана кеминде 10 автобус сатып алынат. Бул Балыкчы үчүн чоң жардам болот жана эң негизгиси — бул иштер жакын арада башталат», — деп кошумчалады Туманбаев.