Банкоматтардан доллар алууда комиссия кармалып жатат. Улуттук банк маалымат берди

Кыргызстандагы бир катар коммерциялык банктар банкоматтардан доллар алууда комиссияны бир нече пайызга жогорулатты. Бул алуу суммасынын 3-5 пайызын түзүшү мүмкүн.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Kaktus.media сайтына муну коммерциялык банктар азыр накталай доллардын жетишсиздигине дуушар болуп, аны чет өлкөдөн ташып келүүгө аргасыз болуп жатканы менен түшүндүрдү. Мурда накталай акчанын басымдуу бөлүгү Орусиядан ташылып келсе, азыр накталай чет элдик валютаны жеткирүү үчүн башка каналдарды издөөгө туура келип жатканын айтты.

«Банктар өз чыгымын жабуу үчүн комиссия киргизишти. Анткени мындай жеткирүү чыгымдарды талап кылат», — деди ал.

Улуттук банктын расмий өкүлү көзөмөл бөлүмү коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жатканын, анткени банк кардарларынан арыз-даттануулар көп экенин баса белгиледи. «Мыйзамга ылайык, коммерциялык банктар тариф саясатын өз алдынча жүргүзүшөт», — деп эскертти ал.