«Банкрот тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес» дешти «Дастан» заводунан

«Дастан» трансулуттук корпорациясы орусиялык компаниянын банкрот деп табуу процедурасын баштоо планы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Мындай демилгени «Дастанга» балким 2020-жылы ИВЛ-аппараттары менен камсыздоонун жагдайын карап жаткан сотторго кысым көрсөтүү аракети катары бааласа болорун билдиришти.

Ишкананын жетекчилигинин айтымында, банкрот тууралуу айтып жатып «Электрониторг» ААКтын өкүлү өзүнүн айткандарына өзү каршы чыгып жатат. Анткени соттук териштирүүлөрдө «Дастандын» 2021-жылга карата жылдык кыскача отчетунун негизинде төлөм жөндөмдүүлүгү ырасталган.

«Дастан» 700дөн ашык адамдан турган Кыргыз жарандарын жумуш орундары менен камсыз кылган жана салыктык кирешелер түрүндө да, дивиденддер түрүндө да мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошкон стратегиялык коргонуу ишканасы болуп саналат. Компания туруктуу өнүгүүгө жетишти», — деп айтылат билдирүүдө. Ушул жылдын беш айында завод жалпысынан 1 миллиард 218 миң сом киреше алса, таза киреше 97 миллион 996 миң сомду түзгөн. 

«Бүгүнкү күндө ИВЛ жеткирүү боюнча «Электронинторг» менен соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурда банкроттуулук процедурасы тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес», — деп билдирет завод.