Банктар которууларды стендде көрсөтүлгөн курс боюнча конвертациялоого милдеттүү

Коммерциялык банктар акча которууларды берүүдө алуучуларга накталай акча алмаштыруу үчүн банктын маалымат стендинде көрсөтүлгөн курс боюнча сумманы берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Акча алуучу ага салган өлкөнүн валютасында да ала алат. Бул эл аралык акча которуу системасы аркылуу иштеген бардык которууларга тиешелүү. Бул тууралуу Улуттук банк өлкөнүн коммерциялык банктарына эскертти.

«Акыркы убакта эл аралык акча которуу системаларынын ишине байланыштуу коммерциялык банктардагы тейлөөнүн сапатына карата жарандардын даттанууларынын саны кескин өстү. Даттануулар акча которуу системалары аркылуу түшкөн акча каражаттарын эсеп ачпастан конвертациялоо боюнча да болгон. Улуттук банк каржы-кредиттик мекемелерге бул талаптарды так аткарууну катуу эскертет. Аларды бузган учурда Улуттук банк мыйзамга ылайык таасир этүү чараларын колдонууга даяр”, — деп билдиришти Улуттук банктан.