«Бара турган жерим жок болгон үчүн күндөшүм менен чогуу жашаганга да көндүм» дейт 27 жаштагы келин

Биздин редакциябызга Мадина Казакбаева аттуу 27 жаштагы келин кайрылды. Өзүн томолой жетиммин деген ал колундагы күрс-күрс жөтөлгөн 2 айлык баласын колго алып, башынан өткөн окуяларды айтып берди. Анын айтымында, жаш келин убагында жолдошу менен «Дыйкан» базарынан таанышкан. 3 күн сүйлөшкөндөн кийин ал Мадинаны ала качып кеткен. Анын барар жери жок болгондуктан, ала качкан жигит менен жашоого мажбур болгон.

Балалуу болгондон кийин жаш келин жолдошу тарабынан ар кандай мазактоолорго туш болгон. «Менин ата-энемдин жоктугун айтып, бара турган жеримдин жоктугун билип, шылдыңдачу», — дейт каарман. Мындан тышкары, ал экинчи наристеси төрөлгөндөн кийин жолдошунун мамилеси такыр эле өзгөрүп кеткенин, кийинчерээк жолдошун күндөшү менен кармап алганына токтолду.

«Үйдөн чыгып кет» деп айтты. Таежелердин үйүнө барып тур деди. Мен макул деп башка жерге барбай, батирге чыгып кеттим. Себеби экөөбүз эч кимге айтпай үйлөнгөнбүз. Жолдошум «үйгө эжем келет, ошондуктан сен кетип кал» деди. Ошентип, батирде 5 күн жашадым. Анан мага жолдошум үйлөнүп алганын айтты. Кызымды алып кайра келдим. Үйгө кирсем, жолдошум күндөшү менен төшөктө жатыптыр», — деди ал.

Мадина Казакбаева бара турган жери жок болгон үчүн күндөшү менен чогуу жашаганга да көнгөнүн айтат. «Мен келсем, экөө төшөктө жатышкан экен. Мен кыйкыра баштадым. Күйөөм «сен кет, мен бул аял менен жашайм» деп айтты. Анан үчөөбүз сүйлөштүк. Күйөөм экөөңдү бирдей карайм деди. Менин барчу жерим жок болгондуктан күндөшүм менен бир үйдө жашоого туура келди», — деди келин.