Баракелде! Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өткөн рейтингдик турнирдин алтын медалын жеңди (видео)

Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан старт алды. Тыныбекова катары менен 4 жеңишке жетип, финалга чыгып, Болгариянын спортчусу менен беттешти.

Катуу кармашта кыргызстандыктар жеңишке жетип, 1-орунду ээледи.