«Бардыгы Бишкекте». Сутка ичинде коронавирус 14 адамдан аныкталды

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 14 жаңы учуру катталды, бардыгы Бишкек шаарында. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурлардын бири сырттан келген. Белгиленген 14 учурдун ичинен 10 адам оорунун белгилеринен улам кайрылган, төртөөнүн белгилери болгон эмес, анын ичинен бирөө чет өлкөгө кетерде ПЦР-тест тапшырганда билинген. «Илдетти жуктургандын экөө гана эки жолудан вакцина алышкан. 13 адам амбулатордук дарыланууда, бирөө ооруканага жаткырылды»,- деп айтылат маалыматта.