Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында бет кап тагынуу режими киргизилген

Октябрь айынан тарта бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2023-жылдын 52-жумасына салыштырмалуу 2024-жылдын 1-жумасында республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 8201 учуру катталган. Октябрь айынан тарта 1315 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Республика боюнча КРВИ, сасык тумоо жана COVID-19дун эпидемиологиялык кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ар жума сайын 2ден 6 учурга чейин катталып, кырдаал туруктуу деп бааланууда. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 206 минден ашуун COVID-19 оорусунун учурлары катталып, алардын ичинен 2023-жылы 491 учур катталды. Октябрь айынан тарта бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

«Эпидсезондун башталышы менен калк арасында беткап тагынуу, антисептик колдонуу сунушталат. Мектепке чейинки курактагы, окуучу балдар арасында оорунун белгилери пайда болгон учурда мектепке, мектепке чейинки мекемелерге жибербей, өзүн-өзү дарылабастан, оорунун өтүшүп кетишин болтурбоо максатында туура медициналык жардам алуу үчүн медициналык уюмдарга кайрылуу зарыл», — деп жазылат министрликтин маалыматында.