«Барселона» Кыргызстанда. Аларды бир топ белгилүү чет элдик блогерлер коштоп жүрөт

Кыргызстанга «Барселона» клубунун жылдыздары келишти. Эртең, 30-августта Бишкектеги стадиондо “Барселона” клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттеши өтөт. Беттешке Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Эдгар Дэвидс, Ривалдо, Хидетоши Наката, Андрей Канчельскис жана башка футбол жылдыздары катышары жарыяланган.

Футболчулардын келиши менен өлкөгө белгилүү блогерлер да келишти. Алардын сап башында Инстаграмда 26 миллиондон ашуун катталуучусу бар Гусейн Гасанов турат. Ал кечээ өлкөгө келип, Бишкектен Ысык-Көлгө барган видео менен бөлүштү.

Казакстандан дагы бир нече блогерлер келди. Алардын бири Инстаграмда 7,5 миллион катталуучусу бар Ерболат Жанабылов. Ал өзүнүн видеосунда Кыргызстанга биринчи жолу келгенин жазды.

Келгендердин арасында 646 миңден ашык катталуучусу бар Артур Аскар уулу да бар.

6 миллионго жакын катталуучусу бар казакстандык блогер Нурбек Нуртаза да Кыргызстанга келди. «Казак менен кыргыздын маданияты, тили окшош экен. Бирок тамак-ашында, каада-салтында, улуттук кийимдеринде айырмачылыктар бар экен. Албетте бул жакшы, анткени өзгөчөлүктөр болушу керек. Мен бул жерде өзүмдү чет өлкөдө жүргөндөй сезбей элем», — деп жазды ал.

Ошондой эле, 2,6 миллион катталуучусу бар «Хомяк» аты менен белгилүү ТикТокчу Алина Ким да келген.