Барскоон — Ак-Шыйрак жолу калың карга байланыштуу жабылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда кар калың жаагандыгына байланыштуу жол убактылуу жабык.

Тагыраак айтканда, Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына чейин каттоочу каттам токтоп, кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда. Жол тазалоо иштери жүрүүдө.