Баш-аягы 7 миллиондон ашуун бюллетень басылып, шайлоо тилкелерине жөнөтүлдү

Боршайком президенттик шайлоо жана референдумдун бюллетендерин аймактардагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине жөнөттү. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүгө  — ар бирине 3 миллион 567 миң 138 бюллетень, андан сырткары 4 миң 948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган. Бюллетендердин саны 2021-жылдын 2-январында  “Тизме” порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелген.

Мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү бюллетендердин саны шайлоо участокторундагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашпоосу керек. Бюллетендердин ар бирин автоматтык эсептөөчү урна анык таанышы үчүн атайын коргоочу боёк менен сырдалып жогорку деңгээлде корголгон.

Президенттик шайлоо бюллетень түссүз, референдумга тиешелүү бюллетень көгүш түстө даярдалды. Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери баардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт менен жиберилет. Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп басмакананын, шайлоо комиссияларынын имаратынан алып чыгууга, ошондой эле бюллетендерди көчүрүп алууга жана таратууга тыюу салынат.

Президенттик шайлоо жана референдум ушул аптанын жекшемби күнү 10-январда өтөт.