Баш байге батир жана автоунаа. Ошто мугалимдер арасында сынак өтөт

Ош шаарындагы мектептеги мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов шаардагы мектеп директорлору жана мугалимдер менен жолугушуп, сынак үчүн коюлган байгелер тууралуу айтып берген. Анда мугалимдерге сынактын шарттары түшүндүрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн берилчү сыйлыктардын сертификаттары Ош шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырылды.

Ош шаарынын мэриясы демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектер берилет:

Сынактын баш байгесин жеңген мугалимге «Эмаком» курулуш компаниясынын атынан батир;

1-орунга «Визион» курулуш компаниясынын атынан автоунаа;

2-орунга Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютерлер, түстүү принтер жана кир жуучу машина;

3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жан чаң соргуч;

4-орунга «Карс» такси кызматы тарабынан 3 адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо. Мындан тышкары, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, сматфондор берилет.

Ал эми кызыктыруучу сыйлыктарга Ош шаарынын мэриясынан тышкары «Кудайберди» базары, Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти, Борбордук базар, «Атабек», «Исламбек», «Кут ордо» кафелеринин ээлери демөөрчүлүк кылышкан.

Белгилей кетсек, сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептин мугалимдери катышат.