Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тынчтык маршы болуп өттү

Кечээ, 8-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тынчтык маршы болуп өттү. Темир жол станциясынын жанындагы акцияга 20дай адам чогулду. Жөө жүрүшкө катышкандардын айтымында, коррупция менен күрөшө албагандыгы үчүн Конституцияны күнөөлөө — бул жоопкерчиликтин өзгөрүп кеткендигин түшүндүрөт.

“Эгерде президенттин милдетин аткаруучу коррупция менен күрөшө албаса, ал эл менен болгон негизги келишимди өзгөртпөшү керек. Бирок коррупция менен чыныгы күрөшүү үчүн жоопкерчиликти ала тургандарга жол бериши керек” деген талаптарын коюшкан.

Парламент ошондой эле 22-октябрда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Бирок ага мамлекет башчы кол коё электигин да айтышты.

Митингчилер БШК тарабынан 20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоону өз убагында же президенттик шайлоо менен бирге өткөрүүнү талап кылышууда.