«Башаламандыкты алдын алуу үчүн». Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго кишилер чогулуп жатышат

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көп сандаган жарандар чогулушту. Алардын сырткы кийиминде элдик кошуун деген жазуу бар. Бул тууралуу Кактус медиа жазды.

Стадион машыгууну каалаган жарандар үчүн буга чейин жабылган эле.

«Ошондой эле эки автобус турат. Уюштуруучулардын бири сүйлөп, өлкөдө массалык башаламандыктар же талап-тоноочулук фактысы байкалганда алдын алуу үчүн чогулганын белгиледи. Ал активисттердин кечке чейин тамак-аш менен камсыз кылууну убада кылып, тез чогулганына ыраазычылык билдирди. Мындай иш үчүн ким төлөйт, спикер айткан жок», — деп айтылат маалыматта.