Башкы прокуратура ишкерлерге: «Текшерүүлөргө мораторий киргизилди»

Башкы прокуратура ишкердик субъекттеринин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу боюнча чараларды көрөт.

ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: ТЕКШЕРҮҮЛӨРГӨ ТЫЮУ САЛУУ (МОРАТОРИЙ) КИРГИЗИЛДИ.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы 18 сандуу “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартиптеги ишкердик субъекттерине карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынды.

Бул төмөнкүлөрдү билдирет:
• бизнеске карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө тыюу салынат;
• кызмат адамдары мыйзамда каралган өзгөчө учурлардан тышкары мындай текшерүүлөрдү демилгелөөгө укуксуз;
• мораторийдин шарттарын бузган ар кандай  иш-аракеттер прокурорлук текшерүүгө алынат.

Эгерде мораторий күчүндө турган мезгилде сизге пландан тышкаркы салыктык текшерүү менен келишсе —
 сиз прокуратура органдарына кайрылууга укуктуусуз.

СИЗДИН НЕГИЗГИ УКУКТАРЫҢЫЗ:

  1. Ишкердикти эркин жүргүзүү укугу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренеси экономикалык ишмердүүлүктүн эркиндигин жана инвестициялардын корголушун кепилдейт.

Мыйзамдын чегинен тышкары сиздин ишмердүүлүгүңүзгө эч ким кийлигише албайт.

  1. Мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо

Текшерүүлөр мыйзамдуу негиздер болгондо гана, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жана белгиленген тартипти сактоо менен жүргүзүлөт.

Ошондой эле укук коргоо жана контролдоочу органдарынын бизнес ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүн токтотууну белгилеген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы 3 сандуу «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгы өзүнүн күчүндө.

  1. Лицензияларды жана уруксаттарды өз убагында алуу укугу

Мамлекеттик органдар милдеттүү:
• документтерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого;
• жасалма тоскоолдуктарды жаратпоого;
• мыйзамдарда каралбаган документтерди талап кылбоого.

  1. Коррупциядан жана кысым көрсөтүүдөн коргоо

Кызмат адамдарына тыюу салынат:
• мыйзамсыз сый акы талап кылууга;
• административдик тоскоолдуктарды жаратууга;
• мыйзамдуу негиздерсиз иш козгоо менен коркутууга.

УКУКТАРЫҢЫЗ БУЗУЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК

  1. Бузууну каттаңыз

Текшерүү жүргүзгөн кызматкерлердин документтерин, кызматтык күбөлүктөрүн, жолдомосун, аудио- жана видеоматериалдарды (болсо), күбөлөрдүн маалыматтарын сактап калыңыз.

  1. Прокуратура органдарына кайрылыңыз

Сиз төмөнкү жолдор менен кайрыла аласыз:

 Ишеним телефонуна чалыңыз (номерлер расмий сайтта жана аймактык прокуратураларда жайгаштырылган).
 «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси аркылуу кайрылуу жибериңиз (App Store жана Google Play’де жеткиликтүү).
 www.prokuror.kg расмий сайты аркылуу онлайн кайрылуу жөнөтүңүз.
 Бизнесиңиз жайгашкан жердеги прокуратурага жеке кайрылыңыз.

  1. Арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

БИЗНЕСКЕ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-1-беренеси — мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук кылуу мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси — мыйзамсыз текшерүүлөр жана кысым көрсөтүү кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

МААНИЛҮҮ:

Эгер мораторий күчүндө турган мезгилде:
• сизге пландан тышкаркы салыктык текшерүү менен келишсе;
• мыйзамда көрсөтүлбөгөн документтерди талап кылышса;
• ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук жаратышса —

 унчукпай калбаңыз. Прокуратура органдарына кайрылыңыз.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН:

Мораторий — бул бизнести коргоонун реалдуу механизми.
Прокуратура анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Мамлекет мыйзамдуу ишкердикти коргоого кепилдик берет.