Башкы прокуратура: «Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, камакка алынат»

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, камакка алынат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Кумтөр» алтын кенине байланышкан коррупциялык факт боюнча УКМКнын ведомостволор аралык тергөө тобу  тарабынан кылмыш  иш тергелүүдө.  Кылмыш иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык кылмышка аралашкан бир нече кызмат адамдарына, Жогорку Кеӊешинин депутаттарына   кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарламалар берилген. Анын ичинде 1992-жылдагы «Кумтөр» жөнүндөгү башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылдагы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары 2003-жылдагы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди рестуруктуризациалоодогу коррупциялык аракеттери үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Акаевге шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган.  Аталган иштин алкагында зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана укук коргоо органдарындагы башка аселелерди тактоо үчүн 2-августта Аскар Акаев Бишкек шаарына алып келинген.  Азыркы учурда ал тергөө органдары менен активдүү кызматташууда. 

Ал эми Курманбек Бакиев боюнча тактоо иретинде төмөндөгүнү билдиребиз, эгерде ал Кыргыз Республикасынын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн Курманбек Бакиев соттун өкүмүнө ылайык 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген», -деп айтылат маалыматта.