Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге каршы арызды карай баштады

Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы жарандык активист Умай Арыкова жазган арызды карай баштады. 16-апрелде жарандык активист министрди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал министрдин уу коргошун боюнча айтканына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган. Ушундай эле арызды ал 19-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине берген. Арыкова министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен, анын ичинде «Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү» беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анын сыртында уу-коргошун деген жазуу болгон.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжалуу болгонун айтып чыккан. Журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген.

Медицина тармагында иштеген бир катар адистер жана жарандык активисттер уу коргошундун тундурмасын дары катары колдонуу адам өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, бул аракетти сындап жатышат.