Башкы прокуратура өзүнө өрт койгон жарандын иши боюнча маалымат берди

Кечээ, 20-январда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген күйүүчү майды чачып, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Аталган жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратура аталган жарандын дооматтары тууралуу маалымат берди. Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.А.га таандык баасы 63 миң доллар турган унаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, А.у.М. камакка алынып, кылмыш иши 4-декабрда соттун кароосуна жиберилген.

Бирок Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкер А.у.М.ди сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон.

Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет. Мындан тышкары, Бишкек ШИИБде А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.А.га жана И.А.га 500 миң АКШ долларына алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Жогоруда белгиленген жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.