Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкү камакка алынган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Тергөө кылмыш иши боюнча тергелип жаткан адамдардын аты-жөнүн, соттолгондугун, катталган мүлкүн жана башка жагдайларды аныкташы керек. Буга байланыштуу тергөөчү ар кандай мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтөт», — деп түшүндүрүштү көзөмөл органынан.
Башкы прокуратура бул учурда жасалган аракеттер мыйзамдуу экенин белгиледи.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн мүлкү боюнча сурам жөнөткөнүн жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине саясатчы Исмаил Исаков комментарий берип, мүлктөр камакка алынары тууралуу маалымат берилген эместигин айткан.