Башкы прокуратурага Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар жөнүндө айтканы боюнча арыз жазылды

Журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөргөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн эч бир жарандан арыз келип түшпөгөнүн, эгерде маалымат келип түшсө, Башкы прокуратура текшерүүгө аларын билдирди. Башкы көзөмөл органынын бул сөзүн улай бүгүн Башкы прокуратуранын сайты аркылуу министрдин айткан сөзүнө укуктук баа берилүүсүн талап кылып, онлайн арыз жаздым. Министр кечирим сурады, бирок анын айткан сөзүнө мыйзамдын негизинде укуктук баа берилиши керек. Анткени ал жөнөкөй жаран эмес, Министрлер кабинетинин өкүлү. Курманкул Зулушев онлайн жазылган жарандардын арыздарына прокуратура бир күндөн кийин байланышып тактайт деп ишендирди», — деп жазды ал.

Кечээ, 9-февралда маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев Бейшеналиевдин айткандары боюнча прокуратурага арыз түшсө, сөзсүз текшерилерин билдирген. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учурунда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган.