Башкы прокуратурага сурак берген Атазов менен Токторбаевдин постторун өчүрүшү талкуу жаратты

Кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште прокуратурага байланыштуу кеп козгогон депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевдин Башкы прокуратурага чакырылып, сурак бергени маалым болгон.

Алар сурактан чыккан соң, Фейсбук социалдык тармагына пост жазышып, бирок бир нече убакыттан кийин өчүрүп салышты. Бул колдонуучулардын кызыгын арттырып, таң калуу жаратты.