Зулушев: «Бейшеналиевдин таластыктар жөнүндө айтканы боюнча арыз түшсө, карайбыз»

Бүгүн, 9-февралдагы маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевге Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар жөнүндө айтканы тууралуу да суроо берилди.

Башкы прокурордун айтымында, бул боюнча прокуратурага арыз түшсө, сөзсүз текшерилет.  «4-ооруканада болуп жаткан чырды өзүңөр билесиңер. Албетте, аткаруу бийлиги чечим кабыл алат. Кимди кызматтан кетирет, кандай болот. Таластыктарга шек келтирүү боюнча сиздердей эле окудук. Бул боюнча таластык жарандан маалымат түшкөн болсо, биз сөзсүз текшеребиз», — деди ал.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учуруда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган. Бирок бүгүн эки депутат ал Жогорку Кеңешке келип, кечирим сурашы керектигин билдиришти.