Башкы прокурор Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу жок экенин айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 31-январда маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузулган учур табылбаганын билдирди.

«Мага президент чалып, ушундай маселе болду, барып тез кабар алыңыз деди. Себеби УКМКны көзөмөл кылган Аскер прокуратурасы бар. Мен аскер прокурору менен бардым. Барсам окуя болуптур. Жанындагылар кармалыптыр. Кароо жүргүзүлүп жаткан экен. Ошол күндөн тарта көзөмөлгө алдым. Көлбаевди кармоо жана жок кылуунун канчалык мыйзамдуу экенин карап чыктык. УКМК кызматкерлеринин иш-аракеттеринен эч кандай мыйзам бузуу табылган жок. Ошол үчүн тергөөнү УКМК улантып жатат», — деди ал.