Башкы прокурордун орун басары кызматтан бошотулду

Адыл уулу Кубан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Адыл уулу Кубан ээлеген кызмат ордунан бошотулду.