Башкы ветеринар коррупцияга шектелип кармалды

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов кармалды. Ал коррупциялык иштерге шектелүүдө. Инспекциянын башчысы менен катар жетекчилик кызматтагы бир канча киши да УКМК тарабынан кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалгандар коррупциялык схема түзүп алып, мамлекетке пайдасыз келишимдерди жең ичинен жасашып, бюджеттен акча өөнөшкөн. Бир эле фактынын негизинде Эсеп палатасынын аудити бруцеллёзго каршы вакцина сатып алуу боюнча мамлекетке 31 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Тергөө иштери уланууда.