Баштапкы баасы 8,7 миллиард сом. Бишкектеги “Ак кула” ипподромунун жери сатылат

Бишкек  мэриясы эски «Ак кула» ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коёт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алган. Көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн. Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт. Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын “аукциондун кадамына” ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.