Баштыктагы 7 миллион рубль. Орусияда соттолгон кыргызстандык аял тууралуу ТИМ маалымат берди

Орусиянын Новосибирск шаарынын райондук соту 27-октябрда кыргызстандык 45 жаштагы аялга карата өкүм чыгарган. Ал уурдоо беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги Айнагүл менен кармалган учурдан бери байланышта болгонун билдирди. Басма сөз кызматынан билдиришкендей, Башкы консулдук анын күйөөсүнө жана адвокаттарына консультациялык жана башка практикалык жардамдарды көрсөтүп келет. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери бардык соттук отурумдарга катышканы да айтылды. Анын жүрүшүндө Башкы консулдук Новосибирск шаарынын райондук сотуна Айнагүлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыргызстандык аялдын камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча райондук соттун чечимин Новосибирск облустук сотуна даттанууга да жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле дипломаттар СИЗО-1де Айнагүл менен жолугуп, өз каражаттарынан тамак-аш жана дары-дармек түрүндө жардам көрсөтүштү. Алар СИЗО-1дин жетекчилиги менен кыргызстандык аялдын камактагы шарттары жана анын депрессияга түшкөн психологиялык абалын эске алуу менен ага кылдат мамиле кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Учурда Башкы консулдук адвокаттар менен биргеликте Новосибирск облустук сотуна апелляциялык арыз жазуу боюнча иш алып барууда.