«Башына уксус куюлган баштык кийгизип». Чүйдө жарандар милицияда 5 саат кыйнашканын айтып чыгышты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго Чүй облусунун Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо фактылары боюнча 3 адамдан арыз түшкөн. Бул тууралуу маалымат борбордун сайтында жарыяланды.

«Арызда 2023-жылдын 20-июлунда милиция кызматкерлери Д.А.ны РИИБдин имаратына алып келип, колу менен сабап, башына жана денесине тепкилеп, баштык кийгизип башташканы айтылат. Кылмышты мойнуна алуу үчүн башына уксус куюлган баштык кийгизишкен. Кыйноо саат 11:00дөн таңкы саат 4кө чейин уланган», — деп айтылат маалыматта.

27-июлда аталган борбордун кызматкерлери Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына барышып, Д.А.нын денесиндеги жаракаттарды каттаган. 

«2023-жылдын 20-июлунда Р.Д., Р.Ю.нун билдирүүсүнө ылайык, милиция кызматкерлери аларды Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө чакырып, мекемеге келгенден кийин кызматкерлер аларды колдору менен сабап, башына уксус куюлган баштык кийгизип, Р.Д. өзүнө каршы, Р.Ю. агасы менен атасына каршы көрсөтмө берген», — деп айтылат маалыматта. 

Кыйноолор боюнча бардык арыздар УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.