«Башында «Кудайга койдум, кызымды сойбогула» дедим» дейт тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын атасы

18-декабрь күнү Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз чарчап калган. Окуядан бир жума өттү. SuperTV телеканалы чырактай кызын жоготуп, кан жутуп турган үй-бүлөгө көңүл айтып, аза-кайгысы менен тең бөлүшүп, окуянын чоо-жайын уктук.

Атасы дарыгерлер аны бөлмөгө алып кирип, кызынын жүрөгү токтоп калганын айтышкан. «Кызымдын көкүрөгүн ачсак, так бар экен. Алар жүрөгүн ойготобуз деп, дефибриллятор колдонушкан окшойт. Милиция келип, жансыз денени өлүкканага алып барабыз, тартип ошондой дешти. Ороп алып, көтөрүп, өлүккананы көздөй жөнөдүк. Милициянын унаасы менен өлүкканага бардык. Кызымды союш керектигин айтышты. Мен башында каршы болдум. «Кантип кичинекей кызды кескилетмек элем» дедим. Бирок милиция кызматкерлери түшүндүрүп, ансыз болбой турганын айтышты. Мен кайра кете берейин десем, өлүккана кызматкери «мен милицияга чалам, бул өлүктү уурдаганга барабар» деди. Мен токтоп калдым. Баарын түшүндүрүп башташты. Кызымды таштап коюп, үйгө бардым. Эртеси таң эрте өлүкканага бардым. «Кызымды көрсөткүлөчү» дедим. Мен союп салышат го деп корктум. «Сойбогула» деп жалдырадым. Өлүккана кызматкери «сиз уруксат бербесеңиз, сойбойбуз» деди. Комиссия келет, ошондо союларын айтты. «Кудайга койдук, сойбогула» дедик. «Сойбосок болбойт, кийин эч нерсени далилдей албай каласың» дешти. Ойлонуп, башка ата-эне да мага окшоп сыздап отуруп калбасын деп, макул болдум. Келинчегим «сени кечирбейм» деп жатты. Мен ага түшүндүрүп, макул болдук. Союшту, кызымды алып кеттик. Боздоп эле өлүккананын жанында жүрдүк. Кызымды алып, Кочкорго жөнөдүк. Бир жыл мурун атам каза болгон. Атамдын жанына берели дедик. Азыр күнөөлүүлөр жүрөт. Бири-бирине шылтап жатышат. 1 жумадан бери 1 да дарыгер кармалган жок», — деди кыздын атасы.