Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата журналисттер ишембилик өткөрүштү

Бүгүн, 3-майда Бишкекте Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата журналисттер ишембилик өткөрүштү. Ал Журналисттер аллеясында өтүп, иш-чараны Кыргызстан медиасынын аракеттеги платформасы уюштурду. Аллеяга Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу демилгеленди.

Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү 1994-жылдан тарта жыл сайын 3-майда белгиленип келет. Ал БУУнун Ассамблеясы тарабынан 1993-жылы декабрь айында бекитилген.